Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:44

11:30 Бишкекте айдоо жерлер базарын өнүктүрүүгө багытталган жыйын өтөт


Жыйын АКШнын ЮСАИД уюмунун атайын долбоорунун алкагында уюштурулууда. 22-23-сентябрда боло турган бул жыйынга КР 1-вице-премьер-министри Искендербек Айдаралиев, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Татиана Гфеллер катышат. Анда айдоо аянттарын менчикке өткөрүү менен коштолгон жер реформасынын 10 жылдык натыйжасы, аталган реформанын элет жерин өнүктүрүүгө тийгизген таасири боюнча америкалык уюм тарабынан жүргүзүлгөн иликтөөнүн жыйынтыктары тааныштырылат. Мындан тышкары айдоо жерлер базарын өнүктүрүүгө оң жана терс таасирин тийгизүүчү факторлор талкууга алынат. Жыйынга ошондой эле ЖК депутаттары, айыл чарба адистери, айыл өкмөт жетекчилери жана жарандык коом өкүлдөрү да чакырылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG