Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:36

12:05 Буудайдын баасы арзандады


Ун салуучу “Акун” фирмасынын президенти Чыныбай Турсунбековдун “Азаттыкка” маалымдаганы боюнча буудайдын баасы дүйнөлүк базарда ылдыйлоо менен бирге эле биздин базарда да төмөндөдү. “Казакстанда жаңы түшүмдүн жыйналышы менен баа эң төмөнкү чегине жетти окшойт. Казак өкмөтү өздөрүнүн базары үчүн 1 тонна буудайдын сатылуу баасын 250 доллар деп чек койду. Ал эми Кыргызстанга келүү баасы тоннасына 300 доллардан айланат,” дейт ал. Ушул тапта ошондой эле ундун баасы да арзандады. Азыр 1-сорттогу ундун 1 кг 19-20 сомдон базарларга чыгарылууда, бул бир ай мурдагы баага караганда 5-6 сомго арзан. Бирок ошол эле учурда нан жана нан азыктарынын баасы өзгөрүүсүз бойдон калууда. 250 граммдык бөлкө нандын баасы 13-14 сом турат.
Акыркы үч жумада дүйнөлүк базарда буудайдын тоннасы 40-50 долларга арзандады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG