Линктер

жекшемби, 20-август, 2017 Бишкек убактысы 00:33

12:55 Ишенбай Кадырбеков Бишкектеги №1 СИЗОдо


“Ата Мекен” партиясынан шаардык кеңештин депутаттыгына талапкер болуп катталган Ишенбай Кадырбеков ушул тапта камакта кала берүүдө. Партиянын төрагасы Өмүрбек Текебаевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча депутаттыкка талапкердин эркиндикке чыгары же чыгарылбасы эртең, дүйшөмбү күнү белгилүү болот.
Борбордук шайлоо комиссиясы 19-сентябрь күнү каржы полициясынын Кадырбековду жергиликтүү кеңештерге шайлоого даярдык жүрүп жаткан кезде абакта кармоону улантуу тууралуу өтүнүчүн четке каккан. Курулуш жана архитектура агенттигинин мурдагы жетекчиси Ишенбай Кадырбеков кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган деген айып менен үстүбүздөгү жылы 25-апрелде камакка алынган эле. Ага ошондой эле кылмыш жаза кодексинин дагы тогуз беренесинин негизинде айып тагылган. Ишенбай Кадырбеков 5-сентябрда “Ата Мекен” партиясынан Бишкек шаардык кеңешине талапкер болуп катталып, учурда талапкер катары кол тийбестик макамына ээ.(ZKo)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG