Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министрлиги бүгүн (ишембиде) билдирүү таркатты. Анда Орусия БУУнун расмий Тегерандын өзөктүк программалары жаатында Иранга каршы кандай гана чектөө киргизүү аракети жасалбасын, ага каршы турумда болоорун билдирген. Орус бийлиги Иран менен конструктивдүү баарлашууну калыбына келтирүүгө жана сүйлөшүүлөр аркылуу жарга такалган маселелерди чечүүгө чакырып келет