Материалдык резерв боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Пайзуллабек Рахмановдун билдиришинче, быйыл мамлекеттик кампада былтыркыга салыштырмалуу дан эки эсе көп топтолгон. Азык-түлүк коопсуздугу тууралуу жакында кабыл алынган мыйзам данды былтыркыдан үч эсе көп толтурууга милдеттендирди. П.Рахмановдун айтымында, ал милдеттемени аткарууга агенттиктин кудурети жетет. Андыктан буудай тартыштыгы орун албайт. (AiJu)