Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:43

14:28 Бишкекте кардиохирург Иса Ахунбаевдин мааракесине арналган иш-чаралар өтөт


Кыргызстандагы тунгуч кардиохирург Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракасине арналган иш-чаралар эмки жумадан тарта өткөрүлө баштайт. Эртең жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу улуттук борборунда Орусиянын жүрөк кан тамыр хирургиясы боюнча илим изилдөө борборунун Башкы директору, академик Лео Бокерия катышкан илимий жыйын өтөт. 23-сентябрда кыргыз Улуттук Илимдер Академиясында Иса Ахунбаевдин 100 жылдыгына арналган илимий жыйын болот. Жыйынга Орусиядан, Түркиядан жана шериктеш мамлекеттерден коноктор катышмакчы. Кыргыз өкмөтү жыл башында академик Иса Ахунбаевдин 100 жылдык мааракесин белгилөө боюнча токтом кабыл алган. (AiJu)

XS
SM
MD
LG