Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

17:30 Акыйкатчы Турсунбек Акун Жалал-Абадда иш сапарда


Акыйкатчы бүгүн Жалал-Абаддагы укук коргоочулар менен жолугушту. Турсунбек Акун адам укугу жалпы Кыргызстан боюнча адам укугунун абалы бирдей экендигин белгилеп, укук коргоочуларга Акыйкатчы институтунун облустук өкүлчүлүгүнүн алдында он кишиден турган коомдук кеңеш түзүүнү сунуш кылды. Жергиликтүү укук коргоочулар өспүрүмдөр арасында жаатташып мушташуу күч алгандыгын айтышып, айрым ата-энелер тарабынан окуучу кыздарын жоолук менен мектепке киргизбей жаткандыгы тууралуу нааразылыктар болуп жаткандыгын кабарлашты. Турсунбек Акун мектепке жоолук салынып келүүгө мыйзам тыюу салбай тургандыгын белгиледи.(YA)

XS
SM
MD
LG