Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:58

В.Путин Грузиянын жикчил аймактарындагы орус аскерлери тууралуу оюн ачыктады


Грузиянын негизги аймагы менен чектешкен жаңжалдуу аймактарда орусиялык канча аскер күчтөрү жайгаштырылаарын Кремль эгемендүү жаңы эки мамлекет катары караган Түштүк Осетия менен Абхазия Орусия менен гана бирдикте чече алат деп Орусиянын премьер-министри Владимир Путин ишембиде билдирди. Август айынын башында Грузия жикчил аймактарынын бири Түштүк Осетияда өз көзөмөлүн калыбына келтирүү үчүн аскердик өнөктүк баштаганда, Орусия бул аймакка басып кирген. Батыш өлкөлөрү Орусиянын баскынчылыгын жана өз аскерлерин жаңжал аймактарынан толук чыгарып кетпестен маалкатканын кескин айыптаган.

XS
SM
MD
LG