Бул тууралуу “Азаттыкка” министр Сапарбек Балкыбеков маалымдаган. Ал маалымат жыйынында Туркмөнстанга сапарынын жыйынтыгы жана Алма-Ата шаарында болгон Кыргызстан, Казакстан жана Тажикстандын энергетика министрлеринин жыйыны тууралуу маалымат бермекчи. Үч өлкөнүн министрлери Алма-Атадагы жолугушууда кыш мезгилинде энергетикалык системаларды биргелешип иштетүү боюнча келишимге жетишти. Бирок ал жыйынга өзбек делегациясы келген эмес.(AiT)