Пакистан борбору Исламаддагы Мэрриот мейманканасын жардыруудан 40тан 60ка чейин киши набыт болуп, жүздөн көбү жарадар болду. Түркия президенти Абдулла Гүл “бул жексур чабуулдун максаты тынчтыкты бузуу” деп атады. Британия террордук чабуулду иликтөөгө жардамдашууга даярдыгын билдирди. Андан сырткары АКШ, Германия, Кытай жана башка өлкөлөр террордук актыны айыпташты. Пакистан бийлиги ишемби күнү кечинде болгон жардырууга Ал-Каэда жана талиптердин тиешеси бардыгын билдирүүдө.