Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:30

09:45 JICA Кыргызстанга акчалай колдоосун көбөйтпөйт


Келерки айда Жапониянын эларалык кызматташтык агенттиги (JICA) Жапон эларалык кызматташтык банкы менен биригиши күтүлүүдө. Бул тууралуу журналисттерге аталган агенттиктин өкүлчүлүгүнүн башчысы Хидэаки Маруяма билдирди. Ошондо ал дүйнөдө эң ири экинчи донорго айланмакчы. Биринчи орунда Дүйнөлүк банк турат. Бирок “Кыргызстанга көрсөтүлүп жаткан жардамдын көлөмү көбөйтүлөбү?”, - деген “Азаттыктын” кабарчысынын суроосуна жооп берип жатып, Маруяма мырза акчалай колдоонун көлөмү жогорулабай турганын, анткени Кыргызстанда 2 млрд.доллар тышкы карызы бар экенин билдирди. Ошол эле учурда колдоонун өлчөмү грант түрүндө жогорулашы мүмкүн экенин кошумчалады. (TD)

XS
SM
MD
LG