Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:08

13:25 Мүмкүнчүлүгү чектелген атуулдар укуктарынын корголушун каалайт


“Тең укуктар жана мүмкүнчүлүктөр үчүн” коалициясы мүмкүнчүлүктөрү чектелгендердин укуктары жөнүндөгү мыйзамды кабыл алууну тездетүүнү жана Кыргызстандагы майыптардын укуктары боюнча эл аралык Конвенцияны ратификациялоо өтүнүчү менен бийликке кайрылды. Бул тууралуу БУУнун өнүктүрүү программасынын колдоосу менен уюшулган “Мүмкүнчүлүгү чектелген жаштар кыймылы” уюмунун төрагасы Мирбек Асангариев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, Кыргызстанда жашаган 120 миңден ашуун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдардын укуктары мамлекет тарабынан толук кандуу корголбой келет. “Ысык-Көл облусундагы майыптардын биримдиги” уюмунун өкүлү Гүлмира Казакунова болсо өлкөдө мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугу менен социалдык кепилдик жөнүндө мыйзам иштебестигин, эгерде аталган Конвенция кабыл алынса майыптардын укуктарын жакшыртууга жана аны аткарууга мамлекетти мажбур кыларын кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG