Бул тууралуу бүгүн Doing business боюнча жетишкендиктерди талкуулаган жыйында Курманбек Бакиев билдирди. Анын айтымында, салык системасы, ишканаларды жабуу маселелери жана тышкы сооданы жакшыртууга бир топ иш-чаралар көрүлөт. Мисалы жаңы салык кодекси кабыл алынып, товарларды экспорт жана импорттоонун жол жоболорун жөнөкөйлөтүү өңдүү иш-аракеттер көрүлөт. Doing business боюнча Кыргызстан быйылкы жылы бир топ ийгиликке жетишип, дүйнө мамлекеттеринин ичинен 68орунга жетти. (AiJu)