23-сентябрда башталчу жыйында Бишкекте өтчү КМШ саммитине байланыштуу маселелер талкууга алынат. Мисалы КМШ өлкөлөрүндөгү проблемалар, бул мамлекеттер ортосундагы кызматташтыкты жакшыртуу, Кавказда орун алган акыркы окуялар өңдүү маселелер талкууланат. Иш-чарага КМШга кирген мамлекеттердин өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, саясат таануучулар, окумуштуулар катышат. Жыйын Славян университетинде өтөт. (AiJu)