Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:48

15:35 Doing business: Реформалары үчүн Кыргызстан негизги үч өлкөнүн катарына кирди


Дүйнөлүк Банк менен Эларалык каржы корпорациясынын биргелешкен “Doing business - 2008” (“Ишкердик жүргүзүү – 2009”) баяндамасы боюнча бүгүн Бишкекте тегерек үстөлдө талкуу өттү. Баяндамада дүйнөнүн 181 мамлекетинде ишкердик жүргүзүүгө жасалган шарттар 10 түрдүү критерий менен бааланган. Алардын үчөөндө (ишканаларды каттоо, имараттарды курууга уруксат алуу, инвесторлорду коргоо) Кыргызстан ийгиликтерге жетишип, буга чейинки 99-орундан 68-орунга чыкты, “реформатор” аталган үч мамлекеттин катарына кошулду. Өкмөт башчы Игорь Чудинов: “Эң башкысы - Кыргызстан мындай ийгиликке катаал атаандаштыктын шарттарында жеткендигинде”, - деп билдирди. (TD)

XS
SM
MD
LG