Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:19

17:54 Боксчу Алмазбек Раимкулов дүйнөнүн экс-чемпионун жеңди


Профессионалдык бокста Кыргызстандын намысын коргоп келген мушкер Алмазбек Раимкулов 19-сентябрда АКШнын Невада штатындагы профессионалдык таймашта мексикалык боксчу, дуйнонун экс-чемпиону Хавьер Хаурегини жеңип алды. Алмазбек үчүн бул таймаш оңойго турган жок, анын акыркы мүнөттөрдө таамай урган соккулары натыйжалуу болуп, калыстардын 97-93, 96-94, 95-95 деген упайларына татыды. Белгилеп өтсөк, 2005-жылы Алмазбек өз карьерасында 20-ирээт жеңишке жетип, бир тең чыгуу менен чемпиондук наамга көрсөтүлгөн бирден-бир талапкер болуп катталган. Бирок андан көп өтпөй, ал учурдагы дүйнө чемпиону Нейт Кэмпеллден жеңилүүгө учурап калган. Бул ирээт ийгилик жарата алган Раимкулов өзүнүн 27-жеңишине жете алды. (ImA)

XS
SM
MD
LG