Бүгүн Нарын шаарынын борбордук аянтына шаардын жана Нарын районунун 12 мугалими топтолуп, алар облус губернатору Өмүрбек Суваналиевге жана Нарын район акими Ишенбек Медетовго билдирүү менен келгендиктерин маалымдашты. Билдирүүдө «Бишкек шаарындагы Биринчи Май райондук сотунун 11-апрелиндеги жана 4-июнундагы чечимдери Кыргыз Республикасынын Каржы министрлиги тарабынан аткарылышы керек жана талап кылабыз. Биздин 16-сентябрда Жогорку Кенешке жазган билдирүүбүз боюнча Каржы министрлиги аткаруудан баш тарткандыгы үчүн аргасыз 23-сентябрда бир күндүк иш таштай тургандыгыбызды билдиребиз» деп айтылат. Бул жагдай боюнча Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Асан Атабаев топтолгон мугалимдер менен сүйлөшүү болгондугун жана 23-апрелде иш таштоо болбостугун билдирди. Облустук акимчиликтен алынган маалымат боюнча облустун мугалимдери педагогикалык стажы үчүн 96 миллион сом аласа. (KUs)
18:25 Нарын шаарынын, Нарын районунун бир катар мектептеринде мугалимдер иш таштай тургандыктарын билдиришүүдө