Ооган бийликтеринин маалыматына караганда, согушкерлер жүз элүү оогандык жумушчу бара жаткан автобусту токтотуп, алардын баарын кармап кеткен. Окуя өлкөнүн батышындагы Фарах провинциясында кечээ болгон. Уурдалган жумушчулар аталган провинциядагы аскерий базанын курулушу үчүн иштеп жатышкан. Окуя үчүн эч ким жоопкер боло элек. Кун төлөтүп алуу үчүн адамдарды уурдоо Ооганстан үчүн мүнөздүү көрүнүш. Бирок согушкерлер адамдардын мынчалык чоң тообун уурдап кетиши - биринчи ирээт катталып олтурат.