Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:56

Өчүрстандар өлкөсүндө


“Московский комсомолец Кыргызстан” гезитининин кабарчысы Елена Агеева кезектеги “Президентке кат” рубрикасынын алдында макаласын жарыялады. “Урматтуу Курманбек Салиевич.... кудай турат го, шумдуктуу президент экенсиз!- деп айтылат макалада. - Электр энергиясын өчүрө бергендин айынан жакында эле Улуттук кардиология жана терапия борборунун 1,5 млн. долларлык ангиокардиографиялык жабдуусу жарактан чыканын уктуңуз бекен? Ушундай аппараттын республика боюнча араң экөө болсо, эми бирөө гана калды. Жарыкты жасоолдоруңуз жадагалса ооруканалардын операция учурунда да өчүрүп жатышат. Врачтардын арыз-муңуна, “эмне жалгыз эле силер азап тартып жатыпсыңарбы, бүтүндөй өлкө азап тартып атпайбы” деп жооп беришүүдө. Баса, бүтүндөй өлкө тарткан азапты, сиз эмне үчүн тартпайсыз Курманбек Салиевич? Анан да кайсыл өзгөчө эмгегиңиз үчүн сизге 6 млн. долларлык самолет сатып беришти? Мына ушул акчага республиканын ооруканалары менен төрөт үйлөрүнө канча ангиокардиографиялык жабдууларды генераторлору менен кошо сатып алса болот эле. Балкыбековуңуздуку баары жайында. Сиздики андан бетер жыргал. Чет өлкөдө... 1-класстагы дарыгерлердин колунда... Муундарына операция жасатат экен дейби... Айтор кандай болгон күндө да эки-иштен бир иш деп жүрөгүңүздү да текшерте келиңизчи, антпесеңиз сизде жүрөктүн да оорусу болушу мүмкүн”.

Ушул эле гезит ушул жылдын сентябрынын аягында Орусиянын Генералдык прокуратурасы, Федералдык Коопсуздук кызматы, Юстиция министрлиги жана орус президентинин алдындагы Гералдика боюнча кеңеши менен бирдикте “Коргонуу, коопсуздук жана тартип Академиясы” деп аталган коомдук уюмдун мыйзамды одоно бузуп келаткан былыктарынын бетин ачты деп кабарлады. Биздин өлкөдө да далай “улуу” адамдар ушул аферист академиянын “курмандыгы” болгонун маалымдады. Маселен мына ушул уюм тарабынан ыйгарылган “Петр Великий” деп аталган орденди К. Бакиев, А. Ногоев, Д. Үсөнов, К. Исабеков, М. Кайыпов, мындан башка дагы аттарын атаса кутуна доо кете турган бир катар маданий ишмерлер алганын, жакында эле ушул академиянын вице-президенти саналган Рустам Рахманалиев деген адам депутаттар И. Өмүркулов менен Р. Ирсалиевге келип, аталган уюмдун орденин 500 долларга сунуштаганын, эгер депутаттар чөнтөгүнөн 500 доллар төлөсө кийиники экинчи орденди бекер алышарын айтканын, кыскасы так ушуга окшогон аферисттер Кыргызстандын “улуу” кишилерине ордендерин соодалоо жолу менен көкүрөгүндө мына ушуга окшогон жалган жана жасалма металл менен мактангандан бөлөк эчтемеси жок атка минерлердин денесиндеги митеге айланды деп кеп кылды.

“Дело №....” гезити “Отко салса күйбөгөндөр, сууга салса чөкпөгөндөр кайрадан акырын жылжып келиш үчүн ар дайым эшикти тарс жаап кетишет” деген тема алдында Коопсуздук Кеңештин катчылыгына А. Мадумаровдун дайындалганын, аны тааныштырып жатып, президент К. Бакиев “Адахан Кимсанбаевич өз өлкөсүнүн чыныгы атуулу” деп сыпаттаганын мисалга тартып, “Сиз кандай ойлойсуз?” деп айрым саясатчыларга жана ушул кызматта ар кайсыл мезгилдерде иштеп кеткендерге суроо салганда саясат иликтөөчү Токтогул Какчекеев, “Мен бул дайындоого абдан таң калдым. Айрыкча президенттин А. Мадумаровду эң эле мыкты патриот дегенин өзгөчө кызыгып уктум. ЖКга төрага болуп турганда өзүн старшина сезип, жыйынга галстуксуз келгендерди айдап чыкчу эле. Мына ушундан улам эле анын ким экенин билсе болот. Албетте анын ордундагы адам Бзежинский же Киссинджер өңдүүлөр болсо гана атаганат дегиң келет дечи... Биз баягы эле жол менен, иштин табияты көрөңгөсүнө дал келбеген адамдарды дайындоо жолу менен келатабыз” деп, 1999-2001-жылдары Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп турган Болот Жанузаков, “Коопсуздук кеңеши өлкөнүн коопсуздугу боюнча иш алып баруучу өтө жооптуу уюм, бирок ал сөзсүз эле бул орунга аскер адамы дайындалыш керек дегенди билдирбейт. Биз буга дейре А. Мадумаровдун ким экенин билебиз. А реалдуу турмуш деген өтө опурталдуу. Эл да, өлкө да бүгүн оор абалда” деп, 2006-2007-жылдары Коопсуздук Кеңешинин орунбасар катчысы болуп турган Алик Орозов, “Мадумаровдун дайындалышын чымын конгондой да көргөн жокмун. Мындай дайындоолорго эл да эбак көнүп бүткөн. Коопсуздук Кеңеши Кыргызстанда эч качан өз функциясын аткарган эмес. Эгемендиктин 17 жылында 8 катчы алмашты. Жалгыз Мирослав Ниязовдон башкасы бул кызмат эмне иштерди аткарарын билбеген бойдон кетти. Менимче бул дайындоо мамлекеттин жана элдин коопсуздугуна сарсанаа болгон адамдын дайындоосу эмес, каршылашкан тараптын бирин МЧС ( М. Садыркулов бүдүрүн калтырбай утуп баратканын көрүп туруп аны менен жеке эсеп-кысабы бар, амбициясы ашынган АКМди (А. Мадумаровду) алып келгендегиси” деп, Коопсуздук Кеңешинин 2005-2006-жылдардагы катчысы Мирослав Ниязов “... компетенттүүлүк жана профессионализм деген эч кандай роль ойнобой калды. Кеп бул орунга Мадумаровдун же башка бирөөнүн келишинде эмес, бул деген эч кандай деле мааниге ээ эмес. Мында бир гана адамдын-президенттин, президент аркылуу чагылдырылып жаткан үйбүлөнүн эрки жатат. Бул бийлик турганда Ата Мекенге кызмат кылуу мүмкүн эмес. Малай болуп гана кызмат кылышың керек” деп жооп берди.
XS
SM
MD
LG