Ага Кыргызстандан мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу катышат. Кыргызстандын өкүлү 25-сентябрда боло турган Билим берүүнү өнүктүрүүгө арналган жогорку деңгээлдеги жыйынга катышат. Андан кийин Досбол Нур уулу 1-октябрда Башкы ассамблеяда сөз сүйлөйт. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)