Венада болуп жаткан МАГАТЭнин жыйынында анын башчысы Мохамад эль-Барадей ар кандай түкшүмөлдөрдү жок кылуу үчүн Тегеранды тыгыз кызматташууга чакырды. Ошол мезгилде эль-Барадей Иранга шектүү карап жаткан мамлекеттерге кайрылып, Тегерандын өзөктүк курал жасоо ниетин тастыктоочу документтерди ачыкка чыгарууну өтүндү. МАГАТЭ башчысынын айтымында, ушул кезге чейин Ирандын өзөктүк программасынын түпкү максаты аныктала элек.