Өкмөттүк басма сөз кызматынын маалыматына караганда, учактын кыйроо себептерин иликтеген өкмөттүк комиссияны жетектеген премьер-министр Игорь Чудинов Транспорт жана коммуникация министрлигинин жана жарандык авиация департаментинин эксперттеринин, адисттердин отчету менен таанышууда. Кеңешме жабык өтүүдө. Мамлекеттер аралык авиациялык комитет жыйынтык чыгарган соң жана Башкы прокуратуранын тергөө иштери аяктагандан кийин “Боинг-737” учагынын кыйроо себептерин иликтеген өкмөттүк комиссиянын акыркы жыйынтыгы чыгарылып, коомчулукка жарыяланат. 24-августта “Манас” аба майданына жакын жерде Бишкек-Тегеран каттамы боюнча учуп бараткан учак кыйроого учурап, анда бараткан 90 жүргүнчүнүн алтымыш беши каза болуп, калган жыйырма беши ар кандай жаракат алган. Учактын 7 экипажы дагы тирүү калган. (AJ)
10:45 24-августта кыйроого учураган “Боинг-737” учагы боюнча өкмөттүк комиссиянын отчету угулууда