Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:51

16:55 Бишкек шаардык соту И.Кадырбековго байланышкан арызды кароону эртеңкиге которду


Буга Каржы полициясынын тергөөчүсү Ислам Боровдун сотко келбей калышы себеп болду. Шаардык сотко арызды Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап анын жактоочусу Азимбек Бекназаров кайрылган.
Бүгүн ошондой эле Ишенбай Кадырбековго байланышкан дагы бир арызды Биринчи май райондук соту карады. Арызды райондук сотко Бишкек шаардык кеңешине депутатыкка талапкер Рахат Бейшенбаев берген. Ал Кадырбековду камакта кармоону узартууну өтүнгөн Каржы полициясынын катынан баш тарткан БШКнын токтомун жокко чыгарууну сураган. Кадырбеков шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болуп 6-сентябрда катталган болчу. Азыркы тапта сот Бейшенбаевдин арызы боюнча өз чечимин чыгарары күтүлүүдө. (BuS)

XS
SM
MD
LG