Бул тууралуу «Азаттыка» «Сахна» жаштар театрынын көркөм жетекчиси Нурлан Асанбеков билдирди. «Кыргыздын кенже эпосторун кайрадан жайылтуу» долбоорунун алкагында өткөрүлүп жаткан бул иш чара Нидерландынын ачык коом институтунун жана «Хивас» фондунун каржылык колдоосу менен уюшрулууда. «Сахна» жаштар театрынын труппасы бир жума ичинде Баткен облусунун район шаарларында кыргыздын кенже эпосторунан алынган спекталдарды элдерге акысыз тартуулоодо. Долбоордун максаты кенже эпостордогу тарбиялык маани маңызды элдин калың катмарына жайылтуу. Баткен шаарында Сахна теарты элге «Курманбек» жана «Керээз» эпосторунан алынган спектаклдерди көрсөттү. (SA)