Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:16

Нью-Йоркто Бириккен Улуттардын Башкы жыйынынын жылдык отурумунун талкуу бөлүгү ачылды


БУУнун баш катчысы жетекчиси Бан Ги Мун бүгүн талкууну ачып, дүйнө өлкөлөрүн ар кыл экономикалык жана социалдык маселелерди чечүү үчүн өз ара тыгыз кызматташууга чакырды. Бүгүн АКШнын, Грузиянын, Ирандын президенттери да чыгып сүйлөөрү алдын-ала белгиленген. Иран президенти Махмуд Ахмединежадды кечээ БУУнун баш кеңсесинин сыртында жүздөгөн демонстранттар каршы алды. Укук коргоочулар жана активисттер Ирандын өкмөтүн өспүрүм балдарды дарга асып, аялдарды дискриминациялаганы үчүн айыпташты. Бирок алар кээ бир укуктук маселелерде Тегерандын саясаты айрым башка Жакынкы чыгыш өлкөлөрдүкүнөн кыйла өйдө экендигин да белгилешти. (БУУнун Башкы жыйынынын отурумуна Кыргызстандан Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу катышып, талкуу учурунда чыгып сүйлөөрү күтүлүүдө.)

XS
SM
MD
LG