Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:39

18:55 Ысык-Көлдө кыргыз тилди өнүктүрүү начар


Кыргыз тилди өнүктүрүү үчүн мындан 19 жыл мурда атайын мыйзам кабыл алынса дагы Ысык-Көлдө ушуга чейин бул тармакта иштеген бир дагы адис бекиген эмес. Ал милдет облустук администрациянын алдындагы социалдык өнүктүрүү жана ден-соолукту коргоо бөлүмүнө жүктөлгөн. Бирок бул кошумча түйшүк экенин белгилеген бөлүм башчы Бактыгүл Исакова иш кагаздарды мамлекеттик тилге өткөрүү Тоң менен Жети-Өгүз районунда гана аяктаганын билдирди. Анын айтуусунда, майрамдык иш чарага жарым жылга деп 80 миң сом бөлүнүп, бирок кыргыз тилди окутуп өнүктүрүү, сөздүктөрдү чыгарууга каражат дагы, көңүл дагы бурулбай келет. Ал эми 23-сентябрдагы “кыргыз тил күнү” мектептерде кыргыз тил гимнин ырдалышы менен гана чектелди. (RB)

XS
SM
MD
LG