Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:51

18:55 Биринчи май райсоту И.Кадырбековго байланыштуу БШКнын чечимин жокко чыгарды


Бүгүн Биринчи май райондук соту Ишенбай Кадырбековго байланыштуу Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин жокко чыгарды. Бишкек шаардык кеңешине депутатыкка талапкер Рахат Бейшенбаев райсотко арыз жолдоп, Ишенбай Кадырбековду камакта кармоону узартууну өтүнгөн Каржы полициясынын катынан баш тарткан БШКнын токтомун жокко чыгарууну сураган. Кадырбеков шаардык кеңешке депутаттыкка талапкер болуп 6-сентябрда катталган болчу. Ушул эле күнү Бишкек шаардык соту И.Кадырбековго байланышкан арызды кароону эртеңкиге которду. Буга Каржы полициясынын тергөөчүсү Ислам Боровдун сотко келбей калышы себеп болду. Шаардык сотко арызды Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү сурап анын жактоочусу Азимбек Бекназаров кайрылган. (AJ)

XS
SM
MD
LG