Арыз Кадырбековдун адвокаты Кубаныч Калыков тарабынан берилген. Биринчи май райондук соту адвокаттын мурунку арызын канааттандыруудан баш тарткандыктан, ал апелляциялык арыз менен шаардык сотко кайрылган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясынын талапкер Ишенбай Кадырбековду бошотуу токтомуна байланыштуу соттук жараян бейшемби күнү Биринчи май райондук сотунда уланат. Бул сот иши шейшемби күнү башталып, бирок бейшемби күнгө которулган эле. Бул тууралуу Кадырбековдун иниси Ишен Айтмамбетов “Азаттыкка” билдирди.(AiT)
8:39 Бүгүн Бишкек шаардык соту Ишенбай Кадырбековдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча апелляциялык арызды карайт