Бул тууралуу «Азаттыкка» Баткен коогалаңына катышкандар коомунун Кадамжай райондук бөлүмүнүн төрагасы Аскар Нажимидинов 24-сентябрда маалым кылды.
Тогуз жыл илгери Кадамжай районунун сырт айылында аскерлер менен согушчандардын ортосунда атышуу болуп, анда Майлы-Суудагы өзгөчө маанидеги батальондун жети аскери курман болуп, тогузу оор жарат алган. Кагылышууда согушчандарды жетектеген талаа командири Абдлазиз Юлдашев атып өлтүрүлгөн.
24-сентябрь күнү Сырт айылында жети баатырдын урматына тургузулган мемориал эстелигинде Баткен коогаланында курман болгондорду эскерүү митингиси өттү. Ага «Жети баатыр» атындагы Айдаркен чегара отрядынын аскерлери жана Баткен коогалаңынын катышуучулары катышты. (SA)