Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:36

Ирандын президенти Махмуд Ахмадинежад өз өлкөсү өзөктүк кубатты өндүрүүгө акылуу экенин коргой турганын билдирди


Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Жыйынынын талкуу жүрүп жаткан отурумунда сүйлөгөн сөзүндө президент Ахмадинежад “америкалык империянын” доору аяктап жатат жана АКШнын болочок лидерлери өздөрүнүн чек арасынын чегинен чыкпай гана “кийлигишүү” саясатын жүргүзүшү керек деген пикирин айтты. Ирандын лидери Ооганстандагы баңгизат жаатындагы кырдаалдын начарлашына ал аймакта эл аралык аскер күчтөрүнүн жайгаштырылышы себеп болууда деп белгиледи. Ахмадинежад жакында эле Грузияда орун алган окуялар үчүн да НАТОну айыптады. Шейшембиде Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы жыйынынын отурумунда талкуу бөлүмү башталды. Андагы жарыш сөзгө катышуу үчүн 120 өлкөнүн өкүлдөрү, алардын ичинде 79 мамлекет башчысы, 38 премьер-министр келишти. Кыргызстандан Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу жарыш сөзгө чыкмакчы. Башкы жыйындагы жалпы саясий талкуулар 3-октябрга чейин жүргүзүлөт.

XS
SM
MD
LG