Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:58

Кыйроого учураган америкалык учкучсуз чалгындоо учагынын сыныктары табылды


Пакистандын Ооганстан менен чектеш чек ара аймагында кыйроого учураган америкалык учкучсуз чалгындоо учагынын сыныктары табылды. Бул тыңчы учактын сыныктары чогултулганы тууралуу бүгүн Пакистандын Коргоо министрлигинин басма сөз өкүлү Мурад Хан билдирди. Жергиликтүү басма сөз каражаттарынын күбөлөрдүн сөзүнө шилтеме жасап маалымдашынча, Пакистандын коопсуздук күчтөрү жана чек ара аймагындагы уруулардын кошуундары аралыктан башкарылган бул учакты атып түшүргөн. АКШнын аскер башчылары азырынча бул маалыматты тастыктай элек. Эки күн мурда пакистандык аскерлер өлкөнүн аба мейкиндигине кирген эки америкалык аскердик тик учактарды аткылоого алганын Исламабад маалымдаган.

XS
SM
MD
LG