Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:25

17:35 Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттиктин Нарында өткөргөн семинары максатына жеткен жок


Мындай билдирүүнү Нарын районунун акиминин орунбасары Роза Жумаева Нарын шаарында бүгүн болуп өткөн “Дин маселелери боюнча пикир алышууну өнүктүрүүгө көмөктөшүү” аттуу семинардан соң маалымдады. Роза Жумаеванын баамында, Теңир-Тоо аймагында орус тилинде өткөрүлгөн бул баяндамалар дээрлик өз максатына жетпейт. Бирок мындай жүйөөгө өлкөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орунбасары Канатбек Мурзахалилов макул эмес. “Биз ЕККУнун Ош шаарындагы бюросу менен биргелешип, мындай өнөктөштүк семинарды биринчи жолу жер-жерлерде өткөрүүдөбүз. Бирок Нарын облустук бийлиги тескерисинче бул маселеге кайдыгер мамиле кылышты”, - дейт Канатбек Мурзахалилов. Аталган семинар орус тилинде баяндалып, ага чакырылган 30 кызматкердин 16сы гана катышышты. (KUs)

XS
SM
MD
LG