Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда 1-октябрь Эл аралык карылар күнүнө карата Улуу ата мекендик согуштун ардагерлерине, пенсионерлерге, жалгыз жашаган карыларга, майыптарга жана карылар үйүндө жашагандарга даректүү жардам күрсөтүү боюнча кабыл алынган документтин негизинде премьер-министр Игорь Чудинов буйрукка кол койду. Ага ылайык мамлекеттик органдар 1-октябрда Эл аралык карылар күнүнө карата иш чараны өткөрүүнү камсыз кылып, бир айлык кайрымдуулук акциясын 1-октябрдан 1-ноябрга чейин өткөрүп, карыларга ар тараптуу көмөк көрсөтүшөт. (AJ)