Бул тууралуу билдирген Кыргызстан коммунисттери фракциясынан депутат Гүлжамал Султаналиеванын айтымында, президент тарабынан сунушталган талапкерди шаар башчылыгына колдобой когйондугу үчүн жергиликтүү депутаттарга губернатор Өмүрбек Субаналиев кысым көрсөтүп жатат. Буга далил катары “Ак жол”, Кыргызстан коммунисттери жана башка партиянын өкүлдөрүнөн турган Нарын шаардык кеңешинин депутаттары кол койгон кат бар экенин кошумчалады. Султаналиева ошондой эле жергиликтүү депутаттар губернатордун мындай аракети 5-октябрда жергиликтүү кеңештерге өтүүчү шайлоодо туруктуу кырдаалды камсыз кылууга жооп бербестигин билдиришкенин айтты. Ал президенттин жана өкмөттүн парламенттеги өкүлдөрүнө кайрылып бул маселеге көңүл буруусун өтүндү. Ал эми Нарын облустук администрациясынын басма сөз катчысы Айнура Темирова губернатор Өмүрбек Субаналиев шайлоо иштерине аралашпаганын, ал социалдык маселелерди чечүү менен алек болуп жатканын билдирди. (AJ)
10:50 Г.Султаналиева: Нарын облусунун губернатору жергиликтүү депутаттарга кысым көрсөтүүдө