Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:21

12:15 Депутат Р.Отунбаева батирге акча алган депутаттардын тизмесин талап кылды


СДПК фракциясынан депутат Роза Отунбаеванын айтымында, эл үчүн деп ураан чакырып шайланган айрым колунда бар депутаттар батир акысы үчүн мамлекеттен каражат алып жатышы мүмкүн. Ал төрагадан батирге акча алган депутаттардын тизмесин, депутаттарга турак жай маселеси кандай чечилип жатканы жөнүндө маалымат берүүнү талап кылды. Төрага Айтибай Тагаев учурда 28 депутат батирге ижара акы алышарын, алардын тизмесин Отунбаевага берерин билдирди. Ал ошондой эле депутаттарга көп кабаттуу үй куруу үчүн 22 млн. сом каражат бөлүнгөнүн, жакында ал үйдүн курулушу башталып, келерки жылы июнь-июль айларында бүткөрүлүп батирге муктаж 28 депутатка берилерин кошумчалады. (AJ)

XS
SM
MD
LG