Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:58

13:40 Нарын шаардык кеңештин бир катар депутаттары губернаторду кызматтан кетирүү талабын коюшуда


Президентке жолдоногон эки барактан турган кайрылууга учурдагы Нарын шаардык кеңешинин 8 депутаты кол койгон. Анда –«2008-жылдын 16-сентябрында Нарын шаардык Кеңештин сессиясы болуп, шаар мэрлигине талапкерБ.Боогачиевге макулдук берилбегендиги жана бул фактыны губернатор Өмүрбек Суваналиев позитивдүү кароонун ордуна, талапкерге каршы добуш берген депутаттарга күч колдонуу, кысым көрсөтүү жолун тандап алды. Суваналиев Кыргыз республикасынын президентинин аброюн эл арасында кескин түшүрүүдө»-деп айтылат.
-Урматтуу Курманбек Салиевич! Өмүрбек Суваналиевдин аракеттерине укуктук жактан баа берип, чара көрүп кызматынан четтетип, биздин Конституциялык, жарандык укуктарыбызды коргоого жардам берүүңүздү өтүнөбүз,-деп аяктайт Нарын шаардык Кенештин депутаттарынын кайрылуусу. (KU)

XS
SM
MD
LG