Жыйынды экономикалык өнүгүү жана соода министрлиги, USAID программасы жана аймактарды инвестициялоо агенттиги уюштурган. Иш-чарада депутаттар, ар кыл министрликтин кызматкерлери, эл аралык уюмдар менен бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү дубандарды экономикалык жактан өнүктүрүү проблемасын талкуулашты. Мындан тышкары Кара-Кол, Жалал-Абад, Кочкор-Ата өңдүү шаарларды өнүктүрүү планы сунушталды. Жыйын соңунда тараптар аталган маселе боюнча кызматташууну улантуу тууралуу макулдашты. (AiJu)