Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:05

16:55 Эртең Ош облсоту медкызматкерлердин апелляциялык арызын карайт


Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган дарыгерлердин биринин жактоочусу Токтосун Касымбеков ишине шалаакы мамиле жасап, бир нече энеге жана балага ВИЧ СПИД дартын жуктурган деп айып тагылган медициналык 14 кызматкердин бирөөнүн иши өндүрүштөн кыскартылып, төртөө акталгандыгын, бешөө шарттуу соттолуп, дагы төртөө абакка кесилгендигин эске салды. Анын айтымында, жабырлануучулардын чыгымын айыпталуучулар төлөөгө милдеттендирилген. Дооматтар жүйөөсүз деп эсептеген ак халатчандар биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарууну талап кылышууда. Жабырлануучулардын жактоочусу Фатима Хабибулина медициналык кызматкерлердин бардыгы жазаланууга тийиштигин, ал эми жабырлануучулар мамлекеттин такай камкордугуна муктаждыгын билдирди. (ATo)

XS
SM
MD
LG