Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:48

18:12 Жогорку сот Аксы окуясы боюнча көзөмөл арызды карай баштады


Бул тууралуу “Жарандык коом коррупцияга каршы” укуктук борбордун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова “Азаттыкка” билдирди. 2002-жылдагы Аксы трагедиясына байланыштуу айыпталып жатышкан Жалал-Абат облусунун мурдагы прокурору Зоотбек Кудайбергенов, Жалал-Абат облустук ИИБдин башчысы Кубанычбек Токобаев , ИИМдин мурдагы орун басары Садырбек Дубанаев Жогорку сотко көзөмөл арыз жолдогон. Аксылык жабырлануучулардын адвокаты Сартпай Жайчыбеков, коомдук жактоочулар Азиза Абдырасулова, Төлөйкан Исмаилова, Абдуназар Маматисламов болсо сот жараянына катышуудан баш тартышты. Исмаилованын айтымында, Жогорку сотко ишеним жок. “Себеби Аксы окуясы боюнча айыпталып жаткандарды актайт экен деген алдын ала маалымат бар”, дейт Исмаилова. (AJ)

XS
SM
MD
LG