Бул туурасында бүгүн Чүй облустук санитардык- эпидемиологиялык борборунун жетекчиси Рысбек Сыдыгалиев «Азаттыкка» кабарлады. Анын билдиргенине караганда, 21-сентябрдын түнү Панфилов райондук ооруканасына күйдүргү оорусуна чалдыккан адам кайрылган. Оору адамга өлгөн малды союп жаткан учурда жуккан жана ага катышы бар дагы 21 адамга дары берилген. Бүгүнкү күндө күйдүргү ылаңынын тери формасы менен жабыркаган адам дарыгерлердин күчөтүлгөн көзөмөлүндө турат. Буга чейин Жайыл районунан беш адам күйдүргү оорусуна чалдыкканы белгилүү болгон. Учурда Чүйдөгү үч ветеринардык башкармалыктардын жетекчилери иштен бошотулду. (JJ)