Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:07

АКШ Түндүк Кореяны чечимин кайра кароого чакырды


Ак үйдүн маалымат катчысы Гордон Жондронун билдиргенине караганда, АКШ Түндүк Корея плутоний өндүрүүгө жөндөмдүү өзөктүк ишканасын иштете баштоо пландарын кайра кароосу керек деп эсептейт. Ал белгилегендей, Түндүк Кореянын аракеттери алты өлкө ортосунда жетишилген макулдашууга кары келет. Макулдашуу боюнча Түндүк Корея экономикалык жардам алып, ордуна Йонбондогу өзөктүк комплексин тоңдурууну убада кылган болчу. Пхеньян эми ошол жайдан МАГАТЭнин инспекторлорун чыгарып, агенттиктин көзөмөл салуучу жабдууларын алып салуу менен ал жерге кайра өзөктүк материлдарды алып келүүнү пландап жатканын аталган уюм билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG