Эртең Ош облустук соту бир нече энеге жана балага ВИЧ илдетин жуктурган деп түрдүү мөөнөткө соттолгон медициналык кызматкерлердин апппеляциялык арызын карамакчы. Бул туурасында «Азаттыкка» кабарлаган дарыгерлердин биринин жактоочусу Токтосун Касымбеков ишине шалаакы мамиле жаксап, бир нече энеге жана балага СПИД дартын жуктурган деп күнөөлөнгөн 14 медициналык кызматкердин бирөөнүн иши өндүрүштөн кыскартылып, төртөө акталгандыгын, бешөө шарттуу соттолуп, дагы төртөө түрмөгө кесилгендигин, жабырлануучулардын чыгымын айыпталуучулар төлөөгө милдеттендирилгендигин эске салды. Дооматтар жүйөөсүз деп эсептеген ак халатчандар биринчи инстанциянын өкүмүн жокко чыгарууну талап кылышууда. Жабырлануучулардын жактоочусу Фатима Хабибулина медициналык кызматкерлердин бардыгы жазаланууга тийиштигин, ал эми жабырлануучулар мамлекеттин такай камкордугуна муктаждыгын билдирди. (ATo)