Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:59

ЫСЫК-КӨЛДҮКТӨР ТОКТОГУЛ СУУ САКТАГЫЧЫНДАГЫ АБАЛ МЕНЕН ТААНЫШТЫ


Рита Нурмамбет кызы, Ысык-Көл Токтогул суу сактагычындагы суунун азайганы жана Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушун өз көзүбүз менен көрүп келели деген көлдүктөр аталган объектиде болуп кайтты. Бирок Токтогул ГЭСиндеги электр кубатуулугунун эмне себептен төмөндөгөнүн түшүндүргөн адистерге көпчүлүк ынанган жок.

Ысык-Көл облусунун 5 район, 2 шаарынан жалпы 130дай киши адегенде Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу менен таанышып, анан Токтогул суу сактагычы менен ГЭСти көрүштү. Токтогул суу сактагычы дээрлик кургап калганына күбө болгон көлдүктөр мындай шартта Камбар-Ата-2 ГЭСинин куруунун кажети барбы деген суроо таштады эле, ага башкы диспетчер Жаныбек Аманов төмөнкүдөй жоп узатты:

- Бул жерде суу жетет, себеби Тогуз-Торо району. Ага чейин суу эки асканын ортосунан өтөт. Бул жерден 19 млрд. суунун кереги жок.

Жаныбек Амановдун айтуусунда, Камбар-Ата-2 ГЭСинин биринчи агрегаты 2009-жылдын 22-декабрында ишке кирип, ал 120 миң киловатт саат энергия берет экен.

Көлдүктөр андан ары Жалал-Абат облусундагы Кара-Көл шаарына келип, Токтогул ГЭСинде учурда 9 млрд. 600 млн. куб суу бар экенин билишти. Бул жердеги адистер менен жолукканда көпчүлүк 19 жарым млрд. куб суу бир жыл ичинде 10 млрд. кубга азайганына жектенгенин да ачыктады.

Токтогу ГЭСиндеги суу өткөрүү системасы боюнча бөлүмдүн начальниги Жакшыбай Асанов сууну сатуу мүмкүн эместигин түшүндүрдү:

- Компьютерде жазылуу, саналуу, биз эч нерсе кылалбайбыз. Ошондуктан сатып атат деген калп. Мурун эле сатылып кеткендей, Орусияга энергияны сатып аттык да. Ошондо көп кетип калган, быйыл кургакчылык болгондо толбой калды.

Ал эми Токтогул ГЭСинин мурдагы начальниги Узакжан Атагараевге өндүрүлгөн энергиянын наркы боюнча суроолор көп болду:

- Сиз иштеп атканда бир киловаттын баасы канча эле?

- Үч тыйындай болчу.

- Анан эмне үчүн 70 тыйынга чейин жетип атат?

- Муну биз ГЭСке сатабыз. Бул линиялар бизге карабайт. Ал 500 киловатт линия. Алар ошону жеткиргени үчүн өздөрүнүн акчасын алат.

- Ошол курулуштун баары эчак курулган, өзүн актаган. Анан арзанга түшүш керек эле да. Эми бирөө сатып, кнопканы басып эсептесе эле акча 70 тыйынга жетип калабы?

- Линия үзүлүп атат, анны жазап туруш керек да. Чыгашалары бар да.

Узакжан Атагараев учурда техникалык коопсуздукка гана жоопкер экенин белгилеп, башка маселелерге тиешелүү жетекчилер жооп берээрин айтты. Анын айтуусунда, суу 2002-жылы эле кескин азая баштаган.

Токтогул ГЭСинде учурда электр кубатын өндүрүү үчүн секундасына 261 куб.метр суу сарпталып атыптыр. Бирок андан канча энергия өндүрүлүп атканы боюнча ачык маалымат айтылган жок. Бул жердеги эң кооптуу нерсе суу көбөйбөй туруп, тактап айтканда азыр 9 жарым млрд, куб суу бар деп атат. Анын 4 миллиарддай кубу чыгымдалса эле Токтогул ГЭСи токтойт экен. Анткени 215 метр бийиктиктеги плотинада калган 5 млрд. куб суу техникалык процессти жүргүзүүгө мүмкүнчүлүгү келбейт экен. Азыр болсо ар кандай ыкмалар менен күнүнө 50 млн. куб суу топтолуп атыптыр. Эми ал канчага көбөйөөрү белгисиз.

Ошентип 1700 чакырым жолду бир суткада басып өтүп Токтогул, Камбар-Ата-2 ГЭСтерин көрүп келген көлдүктөр бир гана 15-октярдан ары электр жарыгы өчүрүлбөй турганына көзү жетип келди. Бул алыскы сапарга чыккан 7 кичи автобусту облустун МАИ кызматы коштоп жүрдү. Аны Ысык-Көл облустук администрациясы уюштурду.

XS
SM
MD
LG