Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:38

ДҮЙНӨ ЭМИ КАПИТАЛИЗМДИН ЖАҢЫЛАНГАН ҮЛГҮСҮНӨ МУКТАЖБЫ?


Кошмо штаттарда башталып, андан соң дүйнөнүн калган өлкөлөрүнө жайылган каржылык кризис экономиканын эң эффективдүү системасы ирээтинде Батыш өнүгүү жолундагы мамлекеттерге сунуш кылып да, таңуулап да келген эркин базар капитализминин турмушка жарамдуулугу боюнча суроолорду жаратты. Уолл Стриттеги кыйроолордон улам экономикадагы бир доордун күнү бүттү, дүйнөгө эми капитализмдин жаңы, реформаланган үлгүсү керек деген сөздөр айтылып жатат.

Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясынын апта ичиндеги талкууларында трибунага көтөрүлгөн дүйнө лидерлери биринен сала, экинчиси каржы базарларындагы чакчалакейге тынчыздануусун билдирип жатышты.

Маселен, БУУнун башкатчысы Пан Ги Мун каржылык базарлардагы кый-сыпыр эл аралык жамаат бир нече жылкы аракеттердин аркасында жетишкен нерселердин баарын коркунучка кептегенин белгиледи.

Ал жана башка ораторлордун буга окшогон камтамачылыктары АКШнын айрым таанымал компанияларына караштуу баалуу кагаздардын куну кетип, кай бирлери кыйроодон аман калыш үчүн улутташтырылгандан кийин айтылып олтурат.

Учурда президент Жорж Буштун администрациясы Конгрессти каржылык системаны колдоо үчүн 700 миллиард доллардык фонд түзүүнү караган мыйзамды тез кабыл алууга шаштырууда. Ал акча олку-солку болуп турган банктардын тейленбей калган карыздарын сатып алуу үчүн жумшалышы керек.

Коомдук акчаны жеке менчиктеги институттарды колдоо үчүн сарптоо президент Буштун Республикалык партиясы карманган баалуулуктарга караманча-каршы келет.

Айтор азыркыдай кеңири масштабдагы план мамлекеттик жөнгө салуу жоюлган бир нече жылдан кийин талап кылынып олтурат жана 90-жылдардын башында коммунисттик система кулагандан кийин экономикалык ой-пикирде үстөмдүк кылган эркин базар догмасынын да күнү бүткөнүн каңкуулаган коңгуроо болду окшойт.

Президент Буш шаршембинин кечинде атайын элге теледен жасаган кайрылуусунда жагдайды мындайча мүнөздөдү:

- Мен эркин ишкерликтин бекем жактоочусумун. Андыктан менин табигый ички туюмум өкмөттүн кийлигишүүсүнө каршы чыгыш керек эле. Мен жаңылыш чечим кабыл алган компаниялардын бизнестен кетишине жол берилиш керектигине ишенем. Кадимки жагдайда мен ушул багытты карманмакмын. Бирок азыр жагдай кадимки эмес. Рынок талаптагыдай иштебей жатат. Ишенимсиздик кеңири жайылды. Американын каржылык системасынын башкы секторлору жабылуу тобокелчилигине кептелди.

АКШнын Федералдык резерв системасы каржы тармагындагы ликвидүүлүктү колдош үчүн өткөн аптада рынокко миллиарддаган доллар куйган болчу.
Ал эми артта калган жылдарга кылчайсак, Вашингтондон жана АКШнын таасири чоң Эл аралык валюта корунан өгүнүп келе жаткан өлкөлөргө адатта айтылган сунуш - кыйроолор менен кесепеттер болоруна карабай, эркин базардын багытын бузбоо эле.

Эми мындай моделдин суусу чын эле түгөнгөн болсо, ордуна эмне келет. Маселен Франциянын президенти Николя Саркози БУУнун башкы ассамблеясында ал өз атагандай, "жөнгө салынма" капитализмдин маселелерин талкуулоо үчүн ноябрь айында Чоң жетинин, Орусиянын, Кытайдын жана башкалардын катышуусунда атайын саммит өткөрүүнү сунуш кылды.

Ал азыркы кризисти дүйнө 1930-жылдардан бери биринчи ирээт туш болгон эң ири каржылык коркунуч катары мүнөздөдү жана бул үчүн жоопкерчиликсиз финансисттерди айыптады:

- Экономикалык рынок эки түшүнүктүн: эркиндик менен жоопкерчиликтин айланасында иштейт. Жалпы рынокту мына ушул нерселер түзөт. Жоопкерчиликсиз эркиндик эмнеге алып барат? Ал кайсыл жерден аяктарын биз бүгүн көрүп жатабыз. Бул кризис капитализм жалпы рыноктун механизминен оолактап кеткенинен улам өрчүдү. Өндүрүшкө көңүл бургандын ордуна, тескерисинче чайкоочулук менен алектенип кеткен.

Француз президенти кошумчалагандай, канчалык кубаттуу экендигине карабай, азыркы глобалдашкан дүйнөдө кайра курууну бир да өлкө өз алдынча жүргүзө албайт. Мамлекеттер кызматташуусу керек.

Чогуу аракеттенүү жөнүндө чакырык дүйнөнүн ири жети экономикасынын бири- Германиянын канцлери Ангела Меркел тарабынан да айтылды. Дүйшөмбү күнү басма сөздө жарыяланган маегинде белгилегендей, ал эл аралык каржылык операцияларга, кредиттик рейтинг боюнча агенттиктер менен хедж фонддордун ишине көзөмөлдү күчөтүү зарылдыгын Чоң жетилик менен Орусиянын былтыркы саммитинде эле айткан.

Бирок Меркел белгилегендей, эркин базардын эки башкы коргоочусу: АКШ менен Британия анын айткандарына көңүл бурган эмес. Ал эми иш жүзүндө коопсуздукту жана бакыбатчылыкты кепилдөө үчүн саясий кийлигишүү да талап кылынат.

Бернард МакАлинден ( Bernard MacAlinden) – Лондондогу NBC брокердик конторасынын аналитиги. Анын пикиринде, экономикалык системанын калгандарына караганда, артыкчылыгын көргөзгөн капитализм эч жакка жоголбойт. Анткен менен эркин базардын кызуу жактоочулары да азыр реформа зарылдыгын моюнга алышы керек:

- Мен кирешени стимулдаштырган каржылык системада, инвестициялык банктардын ишине көзөмөл кеңири жайылат деп айтар элем. Мен менеджмент эмнени төлөп бере аларына, алар кантип стимул аларына түз жана кыйыр кийлигишүү көбөйөт деп айтар элем. Баалуу кагаздар базары болчокто кантип иштей алары боюнча көп эрежелерди көрөбүз, ага катар кредиттик рейтинг боюнча агенттиктердин ролу, аларды колдонуу жагы кайра каралат.

Британиялык талдоочу МакАлинден кошумчалагандай, жөнгө салуучу жол-жоболорду күчөтүүдө сак боло турган эң маанилүү нерсе - дүйнөлүк соодага зыян алып келе турган протекционизмдин күчөшүнө жол бербөө.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG