Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:39

14:15 БШК: К.Кабилова жоопкерчиликтен качып жалган маалымат таратты


Шайлоо жана референдумдарды өткөрүү боюнча борбордук комиссиянын бүгүнкү отурумунда мурдагы төрайым Клара Кабилованын видео кайрылуусуна карата БШКнын мүчөлөрү кол коюп билдирүү таратты. Билдирүүнү жарыялаган БШКнын төрагасынын милдетин аткаруучу болуп бүгүн дайындалган Дамир Лисовский БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын кайрылуусун жоопкерчиликсиз чагым салган билдирүү деп атады. Анын маалыматына караганда, Кабилова иштин көзүн билбегендиктен ушул аралыкта БШКнын аппараты 90 пайызга алмаштырылган, 4 жолу башкы бухгалтер алмаштырып, анын кесепетинен 2008-жылдын бүджетине жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө кетүүчү каражаттын долбоору убагында киргизилген эмес. Шайлоо өтпөй калуу коркунучунан улам Кабилова өзүнөн жоопкерчиликти алып салуу максатында ушундай кадамга барды деп айтылат БШКнын билдирүүсүндө. Ошондой эле БШКнын кызматкерлерине сырттан эч кандай кысым болбогону, Кабилованын видео кайрылуудагы маалыматы жалган экендиги көргөзүлгөн. БШК ишин токтотпостон жергиликтүү кеңештерге шайлоону өткөрүүгө даяр экендигин, анын мүчөлөрү өздөрүнө тиешелүү аймактар боюнча татыктуу иш алып барары белгиленген. (AJ)

XS
SM
MD
LG