-Болот мырза, кечээ жарыяланган сиздердин баянда Кыргызстандык мигранттар өлкөдөн биротоло кетүүнү каалашары тууралуу айтылган. Айтсаңыз, алар көбүнчө кайсы өлкөлөрдүн жарандыгын алууну каалашат?
-Негизинен Орусия менен Казакстандын. Бул тил маселесине байланыштуу. Анткени англис, италян тилин билгендер башка өлкөлөргө деле кетип жатышат.
-Чет өлкөнүн жарандыгын алып, ал жакта калууну каалагандар эмне себептен мындай кадамга барып жатат деп айтууга болот. Буга себеп болгон өлкөдөгү социалдык-экономикалык абалдын чабалдыгыбы же башка дагы шарттар барбы?
-Биринчи себеп болуп – эмгек маселелери турат. Өкүнүчтүү нерсе Кыргызстанда биздин кээ бир жарандарыбыз жумуш табалбай, жумушсуздуктун айынан өлкөдөн кетүүгө мажбур болуп жатышат. Экинчи себеп: иш табылса да өз кесиби боюнча таба албайт, андан тышкары өз кесиби боюнча таба алган күндө алган эмгек акысы аларды ыраазы кылбайт. Ал эми Орусия менен Казакстанда алардын алган айлык акылары Кыргызстанда алганына караганда алда канча көп болуп жатат.
- Кыргызстандык эмгек мигранттары Орусия менен Казакстанда негизинен кара жумуштарга гана тартылып жаткандыктары маалым. Эгер ошол өлкөнүн жарандыгын алган учурда башка иштерге, мамлекеттик кызматтарга орношуп иштөөгө уруксат ала алышабы?
-Жок, жалаң эле кара жумушта деле эмес. Биз кечээ өткөргөн жыйындын бир маселеси ушуга арналды. Мигранттар кара жумушта иштебеш үчүн бул жактан кетээрде адистик алып, жогорку квалификацияга ээ болуп кетүүгө тийиш. Анткени ал жакта деле жакшы адистер, тажрыйбалуу жумушчулар керек болуп атат. Эгерде эч адистиги жок болсо, кара жумушка гана иштөөгө мүмкүнчүлүк болуп калат. Ошондуктан, квалификациясы, адистиги канчалык жогору болсо алар ошончолук суроо-талапка ээ болушат. Себеби Орусияда деле, Казакстанда деле ушундай жакшы адистер жетишпейт. Мындан тышкары кыргызстандык мигранттар жогорку билимдүү же адистикке ээ болсо жакшы жумушка орношуу менен бирге эле социалдык жактан да коргоого алынуу мүмкүнчүлүгү көтөрүлөт. А эгер эч бир билими жок болсо, кара жумушта иштесе, анда социалдык жактан корголуу мүмкүнчүлүгүнө ээ боло албайт. Кээ бир учурларда кулдукка түшүп калуусу да ыктымал.
- Калктын эмгекке жарамдуу катмары мындай агым менен кетип отурса, жакында Кыргызстан балдар менен карылардын гана өлкөсү болуп калат, деген тынчсыздануулар айтылып жүрөт. Минтип тынчсызданууга негиз барбы?
-Бул суроого түз жооп берүү кыйын, мен ишенем Кыргызстан ага жетпейт. Азыркы учурда дел айыл жерлеринде жана айрым шаарларда мына ушундай маселе көтөрүлүп атат, ушул акыбалга чейин жетип атат. Айрым айылдарда чынында жалаң кары-картаңдар менен жаш балдар эле калып атат. Бирок мен биздин өлкөбүз туура кадамдарды таштап, өкмөт жана башка мамлекеттик бийликте иштегендер жана профсоюздар биригип, бул маселени чечет, деп ишенем.
- Маегиңизге рахмат.