Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Сентябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:24

12:05 Клара Кабилованын кызматын таштап кетишине коомдо пикир ар кыл


“Улуу Биримдик ” партиясынын төрагасы Эмилбек Каптагаевдин “Азаттыкка” билдирген пикири боюнча БШКнын мурдагы төрайымы Клара Кабилованын кызматын таштап, мамлекеттен чыгып кетиши өлкөнүн бардык бийлик бутактарынын бир үй-бүлөнүн колунда тургандыгын жана бардык маселелер алардын каалоосу менен чечиле тургандыгын далилдеди. Клара Кабилова инсандык ички дарамети күчтүүлүгүнөн улам президенттин жакындарынын басмырлоосуна чыдабай, өзү гана эмес үй-бүлөсүнүн, бүт урук-туугандарынын коопсуздугун тобокелге салуу менен чындыкты айтууга барды. Үй-бүлө коопсуздугун бийик коюп, өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлогон аял мындай кадамга эч качан бармак эмес, демек Клара Кабилова жалпы мамлекеттин келечеги үчүн ушундай чечимге келип, эрдикке тете иш кылды жана ал президенттин айланасындагы топтордун эрегешинен улам бир топтун кызыкчылыгы үчүн мамлекеттен чыгып кетти деген пикирге негиз жок-дейт Э.Каптагаев. (BD)

XS
SM
MD
LG