Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

13:33 Чек аралардагы конфликтик кырдаалдардын алдын алуу боюнча талкуу өттү


Бүгүн Коопсуздук кеңешинин катчысы Исмаил Исаков Чек ара кызматынын жетекчилиги менен жолугушту. Анда мамлекеттик чек аралардагы түшүнбөстүктөрдүн алдын алуу маселелери талкууга алынды. И.Исаков чек ара кызматынын жетекчилигине мамлекеттик чек араны кайтаруу системасын жаңылоо , кадр маселесине өзгөчө көңүл буруу зарылдыгын айтты. Мындан тышкары Коопсуздук кеңешинин катчысы чек ара тилкелеринде болуп жаткан баардык окуялар тууралуу коомчулукка өз убагында маалымат берилип турушун талап кылды. Бул үчүн ириде чек ара кызматынын өздүк сайтын ишке киргизүү сунушталды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. (EK)

XS
SM
MD
LG