Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Ноябрь, 2023-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:23

13:59 Коомдук парламент менен “Акыйкат үчүн” кыймылы БШК төрайымынын билдирүүсү боюнча кылмыш ишин козгоону Башкы прокурордон талап кылды


Мындай талап аталган кыймыл менен коомдук парламент бүгүн тараткан билдирүүсүндө коюп, президент Курманбек Бакиев өз уулунун чектен чыккан аракеттери жана өлкөдөгү кыйын кырдаалдан улам мамлекет башында турууга моралдык укугу жок деп билдирди. Андан тышкары БШК төрайымы Клара Кабилованын “Мен, Кыргызстандын эли Максимди өлкө президенти кылып шайлаган эмес” деген билдирүүсүн азыр ар бир жаран колдойт деп белгилешип, Кабилованы ээлеген кызматынан дароо бошотуп, анын беделин эл алдында каралоо аракеттеринин башталышы президенттин айланасындагы адамдар тууралуу билдирүүдө айтылган фактылардын далили болот деп айтышты. Кайрылууда андан тышкары Клара Кабилова менен анын үй-бүлөсүнүн жана бийликтин саясатына макул болбогон саясатчылардын коопсуздугуна президент, анын бир тууганы Жаныш Бакиев, уулу Максим Бакиев жеке жоопкер болот деп белгилешкен. (BD)

XS
SM
MD
LG