Бул тууралуу Орусиянын Тышкы иштер министри Сергей Лавров Бириккен Улуттар Уюмунда билдирди. Кечээ Бириккен Улуттардын Коопсуздук кеңешинде Иранга карата резолюция кабыл алуу тууралуу макулдашууга жетишилгени кабарланган. Резолюциянын жаңы долбооруна жаңы чектөөлөр киргизилген эмес, бирок ошол эле учурда анда мурдагы үч чектөө кайра тастыкталган. Коопсуздук кеңештин туруктуу беш мүчөсү – Британия, Кытай, Франция, Орусия жана АКШ жана башка мүчөлөрү резолюциянын долбооруна кийинки аптада добуш бермекчи.
Москва азыркы учур талаштуу өзөктүк программасына байланыштуу Иранга карата жаңы чектөөлөрдү киргизүү үчүн ыңгайлуу эмес деп эсептейт